"Эркин-Тоо"

Бишкек абанын булганышы боюнча дүйнөдө биринчи орунга чыкты

World Air Quality уюмунун иликтөөсүндө 24-декабрда Бишкек абанын булганышы боюнча дүйнөдө биринчи орунга чыкты. Уюмдун абанын сапаты тууралуу индексинде Бишкектин борборундагы көрсөткүч (AQI) саат 19.00гө карата 458ди көрсөттү. Калаанын башка бөлүктөрүндө индекс өтө кооптуу чектен — 600-760тан ашып кетти.

Аба таза болушу үчүн бул көрсөткүч 50дөн ылдый болушу керек. Кыргызстандын борбору муну менен дүйнөдөгү абасы эң кир делген Гананын Аккра, Индиянын Дели, Пакистандын Лахор шаарларын артта калтырды.

 

Пример HTML-страницы