Бишкек – Астана багыты боюнча түз аба каттамы жанданды. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, «FlyArystan» авиакомпаниясы 16-июндан тартып Астана – Бишкек – Астана багыты боюнча түз аба каттамдарын аткара баштады.
«Эми сиз Airbus A320 учагы менен Казакстандын борборуна түз жана ыңгайлуу жете аласыз. Бишкектен Астанага учуу убактысы 1 саат 45 мүнөттү түзөт», — деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, каттам жумасына 2 жолу, шейшемби жана жекшемби күндөрү аткарылат.