«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын маалыматына ылайык, 19-июндан тарта Бишкек – Балыкчы багыты боюнча жүргүнчү поезди бейшемби жана 23-июндан тартып дүйшөмбү күндөрү да жүрө баштайт.
Буга чейин поезд жума, ишемби жана жекшемби күндөрү каттап келген. Жаңы графикке ылайык, 19-июндан 7-июлга чейин поезд дүйшөмбү, бейшемби, жума, ишемби жана жекшемби күндөрү каттайт. Ал эми 7-июлдан 31-августка чейин жүргүнчү поезди күн сайын жүрмөкчү.
Бул багытта жалпы 15 вагон каттамга тартылары маалым болду.

