"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Бишкек: Чыңгыз Айтматов проспектиси эки айга жабылат

2025-жылдын 29-июлунан тартып Бишкектеги Чыңгыз Айтматов проспектисинин Асанбай Масалиев проспектисинен Иса Ахунбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү реконструкцияга байланыштуу жабылат. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады.

Маалыматка ылайык, оңдоо иштери болжол менен эки айга созулат.

Буга байланыштуу №8 жана №55 автобустук каттамдардын кыймыл схемасы убактылуу өзгөрөт. Кошумчалай кетсек, Ч. Айтматов проспектисинде каттам саат 22:00дөн 05:00гө чейин тыюу салынган. Бул учурда унаалар Масалиев проспектиси менен Садырбаев көчөсүнө багытталган.