УКМК «Кадастр» ишканасынын Бишкектеги филиалында жарандарга кызмат көрсөтүүдө кезектин жаралышына байланыштуу мыйзам бузуу фактысын аныктады.
Буга чейин «Кадастрда» сааттап кезек күтүүгө аргасыз болгон жарандардын нааразычылыгы коомчулукта кызуу талкуу жараткан эле. Текшерүүдө белгилүү болгондой, каттоо бөлүмүнүн эки кызматкери кыймылсыз мүлктү каттатууга келгендерден акча алып, аларды электрондук кезектен тышкары киргизип турган. Бул кызмат үчүн алардын 2 миң сомдон 10 миң сомго чейин акы алгандыгы такталды.
Учурда аталган кызматкерлер кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.