"Эркин-Тоо"

Бишкек – Кант – Токмок унаа жолун оңдоо иштери башталды

Бишкек – Кант – Токмок унаа жолунун Лебединовкадан Новопокровкага чейинки бөлүгүндө оңдоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Министрликтин айтымында Бишкек – Кант – Токмок унаа жолу этап-этабы менен оңдолуп, эки тарабына тротуар коюлуп, унаа токтотуучу жайлар каралат. Бишкек – Кант – Токмок жолунун жалпы 18 чакырымына асфальт төшөө мерчемделүүдө.