Бишкек шаарынын мэриясында мэр Айбек Джунушалиевдин төрагалыгы алдында коллегиялык жыйын өтүп, анда күз-кыш мезгилине даярдык маселеси талкууланды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Мэрдин биринчи орун басары Мирланбек Байгончоков отун-энергетика комплекси боюнча маалымат берип, учурда бир катар маанилүү иштер жүрүп жатканын билдирди.
«Бишкек ЖЭБ» боюнча:
2024/2025-жылдардын күз-кыш жылытуу сезонуна даярдык алкагында «Бишкек ЖЭБ»де оңдоо иштерине 1,2 миллиард сом каралып, анын 554,8 миллион сому 2024-жылдын алгачкы жарым жылдыгында өздөштүрүлдү. Бул көрсөткүч пландын 117% түзөт. ЖЭБде үч турбоагрегат жана жылуулук жабдуулары оңдолуп, иштер уланууда.
«Бишкекжылуулуктармагы» муниципалдык ишканасы жарым жылда 2 050 метр жылуулук түтүктөрүн жаңылап, 373 элементти жана 667 чарчы метр жылуулук изоляциясын алмаштырды. Ошондой эле насостук станция курулуп, негизги көчөлөрдөгү түтүк тармактары реконструкцияланууда.
«Бишкекжылуулукэнерго» эки жаңы казан орнотуп, 1,5 км жылуулук түтүгүн жаңылады. Мындан сырткары, 82 откананы жана 221 насосту оңдоп, 16 откананы энергия үнөмдөөчү технологиялар менен жаңылоону улантууда.
Газдаштыруу жаатында:
«Газпром Кыргызстан» ЖЧКсы жыл башынан бери Бишкек шаары боюнча 6 800 жаңы абонентти газ тармагына кошуп, жалпы газдаштырылган абоненттердин саны 47 908ге жетти. Учурда «Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштырууну жеңилдетилген каржылоо — 3» долбоору ишке киргизилди.

