Ушул жылдын 24-июнунда «Урал аба жолдору» авиа компаниясы Махачкала-Бишкек-Махачкала багыты боюнча үзгүлтүксүз авиакаттамды калыбына келтирүүнү максат кылууда. Бул тууралуу «Манас» аэропортунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аба каттамдар жумасына бир жолу — ишемби күндөрү аткарылат.
Эске салсак, Red Wings Airlines аталган багыт боюнча жумасына бир жолу – шаршемби күндөрү каттамдарды аткарат.
«Манас» ААКсы бул каттамга байланыштуу бардык суроолор боюнча авиакомпанияга түз кайрылууну сунуштайт.