"Эркин-Тоо"

Бишкек менен Чүйдүн айрым көчөлөрүнө чектөө киргизилет

Малайзиянын премьер-министри расмий сапары менен Кыргызстанга келет. Буга байланыштуу 15-16-майда Бишкек шаары жана Чүй облусундагы айрым көчөлөрдөгү унаа кыймылына маал-маалы менен чектөөлөр киргизилип турат.

Атап айтканда:

– «Манас» эл аралык аэропорт жолу Бишкек шаарынын чегине чейин;

– Фучик көчөсү Бишкек шаарынын чегинен тартып, Жибек-Жолу көчөсүнө чейин;

– Жибек-Жолу көчөсү Фучик көчөсүнөн тартып, чыгышты карай Манас проспектисине чейин;

– Манас жана Ч.Айтматов көчөлөрү түштүктү карай, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясына чейинки бөлүгү;

– «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясынан тартып, «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине чейинки жолго да убактылуу чектөөлөр киргизилет.

Мамлекеттик маанидеги иш-чара учурунда жогоруда көрсөтүлгөн жол жээктерине унаа каражаттарын калтырбоо, оор жүк ташуучу унаалар зарылчылык болбосо жолго чыкпай туруу жана жалпы айдоочулардан жол кыймылынын жөнгө салып турган кызматкерлердин талаптарына баш ийип, жол эрежелерин так сактоо сунушталды.

Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим 15-16-майда расмий сапар менен Кыргызстанга келет. Сапардын жүрүшүндө өлкө жетекчилиги менен жолугушуулар пландалган.

 

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!