"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Бишкек менен Токмокту байланыштырган жол оңдолду

Бишкек–Кант–Токмок унаа жолунун бир бөлүгүнө асфальт төшөлүп бүттү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, учурда убактылуу жол сызыктары чийилип, унаалар үчүн эки тараптуу каттам ачылды. Эми бул тилкеде көпүрөнү оңдоо, жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуар жана суу өткөрүүчү лотокторду орнотуу иштери жүрүп жатат.

Тактап айтканда, Бишкек менен Токмок шаарларын байланыштырган жолдун 3,85 чакырымдык бөлүгү — Новопокровка айылынан Лермонтов айылына чейинки аралык оңдолууда.