Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев шаарда жүрүп жаткан жол куруу жана оңдоо иштерине байланыштуу шаардыктарга кайрылды.
Калаа башчысынын айтымында, учурдагы ыңгайсыздыктар келечекте олуттуу көйгөйлөрдүн алдын алат.
«Тыгын, ызы-чуу, чаң болорун түшүнүп турам. Бирок азыр чыдап, сабыр кылбасак, мунун баары кийин чоң көйгөйгө айланат. Андыктан түшүнүү менен кабыл алууну өтүнөм», – деди Жунушалиев.
Мэрдин маалыматына ылайык:
-
быйыл 98 чакырым жол оңдолуп, айрымдары жаңыдан салынууда;
-
шаарда бир транспорттук түйүн жана үч көпүрө курулат;
-
жолдорду кайра казбоо үчүн жер астындагы суу түтүктөрү толук алмаштырылууда;
-
2,5 чакырымдан ашык жылуулук жана 1,5 чакырым канализация түтүктөрү жаңыртылды;
-
кыйылган дарактардын 85% эскирген, алардын ордуна 7–10 эсе көп көчөт отургузулат.
Жунушалиев кошумчалагандай, иштер 2030-жылга чейинки шаарды өнүктүрүү планынын негизинде жүрүп жатат.

