"Эркин-Тоо"

Бишкек мэриясы «Ала-Тоо» аянтына кимдердин сүрөттөрү илингенин түшүндүрдү

Бишкек шаарынын мэриясы Ала-Тоо аянтына өлкөбүздүн өнүгүшүнө салым кошкон чыгаан инсандардын сүрөттөрүн илди.  Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка таянсак,  быйыл төмөнкү ишмерлердин юбилейине арналган иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы №123-р буйругунун негизинде өтүп жаткандыгы менен байланыштуу.

Быйыл Ормон хандын (1790-1854) 230 жылдыгы белгиленет.

Ормон хан кыргыздын сарыбагыш уруусунан чыккан манап болгон. 1840-жылдардын башында Ормон хан саяк, бугу урууларын башкарып, солто, черик, чон-багыш, кушчу, саруу жана башка түндүк кыргыз урууларын бириктирүүгө көп күч жумшаган. Коконго эбегейсиз салык төлөөдөн баш тартып, вассалдыктан ажыраган. Кокон аскерлерине бир катар сокку урууга жетишкен, андан кийин анын кыргыз дворяндарынын арасындагы бедели кескин жогорулаган.

Байтик баатырдын (1822-1886) 200 жылдык мааракеси

Кыргыз элинин Эл баатыры, солто уруусунун жогорку башкаруучусу, кокондук баскынчыларга каршы күрөштүн негизги жетекчилеринин бири.

Кыргыз мектептери үчүн алгачкы “Кыргыз алиппеси” окуу китебинин автору, коомдук ишмер Ишеналы Арабаевдин (1882-1933) 140 жылдык мааракеси да белгиленет. Ошондой эле мамлекеттик тилдеги биринчи гезит «Эркин-Тоо» гезитинин редактору, «Манас» эпосун жыйноо жана жаздыруу боюнча топтун жетекчиси болуп иштеген. Арабаев «Семетей» поэмасын кагазга түшүрүп, басып чыгарган.

Гапар Айтиевдин (1912-1984) 110 жылдыгы — Улуу Ата Мекендик согуштун жана Сталинград салгылашынын катышуучусу. 1940-1941, 1944-1951 жана 1952-1977-жылдары Гапар Айтиев Кыргызстан Сүрөтчүлөр союзунун башкармасынын төрагасы болгон. 1977-жылдан Фрунзедеги СССР Көркөм академиясынын чыгармачылык сүрөт өнөрканасын жетектеген.

Эл жазуучусу, Кыргыз Республикасынын Баатыры Түгөлбай Сыдыкбековдун (1912-1997) 110 жылдыгы. Кыргыз совет жазуучусу, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз ССРинин эл жазуучусу, үчүнчү даражадагы Сталиндик сыйлыктын лауреаты. Кыргыз ССР илимдер Академиясынын академиги.

Кызыл Армиянын жоокери, Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин (1922-1942) 100 жылдыгы. 1942-жылдын 6-августунда Воронеж фронтунун 6-армиясынын чабуул коюу операциясы үчүн стратегиялык таяныч пунктун басып алууну камсыз кылып, көкүрөгү менен душмандын бункеринин амбразурасын жаап салган.

Токтоболот Абдумомуновдун 100 жылдыгы (1922 — 1989) — коомдук ишмер, жазуучу, драматург, кинодраматург. Кыргыз ССРинин искусствого эмгек сицирген ишмери. Кыргыз ССРинин Токтогул Сатылганов атындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты.

Арстанбек Дүйшеевдин 90 жылдыгы (1932-2003). Советтик партиялык жана мамлекеттик ишмер, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун Төрагасы, СССР Жогорку Советинин Президиумунун Төрагасынын орун басары, Кыргыз ССР Министрлер Советинин Төрагасы.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!