Бишкек мэриясы жаңы кичи автобустарды алууну пландоодо. Аларды 12 метрлик чоң автобустар жүрө албаган каттамдарда колдонуу пландалууда. Бул тууралуу вице-мэр Жамалбек Ырсалиев билдирди. Анын айтымында, буга чейин мэрияда «Эко жүргүнчүлөрдү ташуу» жеке ишканасынын автобазасын алуу варианты каралып жаткан. Бирок, ишканада кыйынчылыктар болуп, бардык автобустар каттабай калган.
«Эко жүргүнчүлөрдү ташуу ишканасынын карамагында 170 автобус болгон. Бирок, техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам жолдордогу автобустардын саны кыскарган. Биз бул автобазаны сатып алууну пландаганбыз. 170 автобустун баары иштеп калса, мэрия сатып алууга даяр болчу. Мэр 300 миллион сом бөлүү чечимин кабыл алууга даяр болгон. Бирок автобаза биздин талаптарга жооп бербей турганын комиссиялык текшерүү көрсөттү. Ошондуктан бул маселе азырынча токтотулду. Учурда “Эко жүргүнчүлөрдү ташуу” ишканасы ишин улантууда. Бирок, автобустар жетишсиз. Биз кичи автобустарды сатып алып, 12 метрлик чоң автобустар айланып кете албаган көчөлөргө коюуну пландап жатабыз. Баары жакшы болсо, быйыл жаңы кичи автобустарды сатып алабыз», — деди вице-мэр.