"Эркин-Тоо"

Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунда жол кырсыгы катталды

Бишкек – Нарын – Торугарт трассасынын 18-чакырымында 3 унаасынын, анын ичинде Чүй ИИБнин кызматтык унаасынын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын ЖКККБнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлерине таандык Chevrolet Cobalt автоунаасы Toyota Prius менен кагышып, андан соң түндүктөн түштүктү көздөй бараткан Chevrolet Malibu унаасын сүзүп токтогон.

Жол кырсыгынан Cobalt айдоочусу, бир жүргүнчүсү жана Prius унаасынын айдоочусу жабыркаган, алар аймактык ооруканага жеткирилген.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!