"Эркин-Тоо"

Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун боюнда куураган камыштан өрт чыкты

ӨКМ бүгүн, 19-март күнү, Чүй облусунун Ысык-Ата районунда Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун боюнда куураган камыштан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөндүгүн айтат.
Тилсиз жоону өчүрүү үчүн саат 14:30да Ысык-Ата райондук №4 ӨКБдан 1 бөлүм, саат 14:33тө Ысык-Ата райондук №27 ӨКБдан кошумча дагы 1 бөлүм барган.
ӨКМ учурда өрттү чектөө боюнча ыкчам аракеттер көрүлүп жаткандыгын, кошумча маалымат берилерин билдирди.