"Эркин-Тоо"

Бишкек – Ош унаа жолундагы кырсыктан 3 адам каза болду

6-июнда Бишкек – Ош унаа жолунда  «Ауди С4» үлгүсүндөгү жеңил унаа менен «Скания» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа сүзүшкөн. Кырсык болгон жерде үч жүргүнчү каза болгон.

Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, жеңил унаанын айдоочусу каршы тилкеге чыгып кеткен. Кырсыктын кесепетинен жеңил унаанын айдоочусу, 63 жаштагы К.Б. жана жүргүнчүсү, 32 жаштагы Б.у.Б ооруканага жеткирилген.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугун жана эрежелерин так сактоону суранат.