Бишкек – Ош унаа жолунун 178-чакырымында унаа кырсыгы катталды. Социалдык тармактарда кырсык болгон жердеги видео пайда болду.
Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришкендей, «Тайота-Альфарт» унаасы каршы тилкеге чыгып, «Мерседес» менен кагышкан.
Кырсыктын кесепетинен 4 адам жеринде каза болгон, жабыркагандардын саны такталууда.