Шайлоо өнөктүгү жарандардын Бишкек шаарынын мэриясынын жана Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын ишине өтө нааразы экенин көрсөттү. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Куванычбек Конгантиев бүгүн, шайлоодон кийин биринчи жолу өткөн шаардык кеңештин жыйынында билдирди.
«Көрсө, биз, БШКнин депутаттары мэриянын дубалынын ичинде болуп туруп, шаардыктардын өздөрүнө тиешелүү кызматтарды толук ала албай жатканын билбейт экенбиз. Бишкек мэриясы менен биргеликте көп иштерди жасап жатабыз, бирок бул жетишсиз. Ошондуктан, мен бүгүн бардык саясий партияларды биригип, Бишкек мэриясына Кыргызстандын саясатын ишке ашырууга көмөктөшүүнү сунуштайм», — деди ал.