Борбордук шайлоо комиссиясынын билдирүүсү боюнча, Бишкек шаардык кеңешке 7 пайыздык бөгөттөн өткөн алты партия жеңишке жетти.
Алар: «Эмгек» (13,87 пайыз), «Ак-Бата» (12,15 пайыз) КЭДП (10,7 пайыз), «Ынтымак» (8,3 пйаыз), «Ата-Журт Кыргызстан» (9,63 пайыз), «Биздин эл» (7,73 пайыз) алышты. Аталган партиялар үчүн 84 миң 842 адам добуш беришти.
Алдын-ала эсептөөлөр боюнча Бишкек шаардык кеңешиндеги мандаттар төмөнкүдөй бөлүнөт:
• «Эмгек» — 10 мандат;
• «Ак Бата» — 9 мандат;
• КЭДП — 8 мандат;
• «Ата Журт Кыргызстан» — 7 мандат;
• «Ынтымак» — 6 мандат;
• «Биздин эл» — 6 мандат.