"Эркин-Тоо"

Бишкек шаардык мэриясы калаа тургундарын ишембиликке чакырат

Бишкек шаардык мэриясы калаа тургундарын 4-мартта боло турган ишембиликке чакырат.

Мекеменин маалымат кызматы калаада 1-марттан 31-майга чейин көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча үч айлык жарыяланганын кабарлады.
«4-мартта жалпы шаардык ишембилик өткөрүлүп, көчөлөрүбүздү, короо-жайларыбызды тазалап, көчөт отургузабыз. Ишембиликте имараттарга жана курулуштарга жанаша турган арыктарды, парктарды жана скверлерди тазалоого өзгөчө көңүл бурулат. Чарбалык субъектилердин, уюмдардын жана мекемелердин ишембиликтерин өткөрүү күнү, аймагы райондук администрациялар тарабынан аныкталат. Урматтуу шаар тургундары! Баарыңыздарды шаарыбызды көрктөндүрүүгө, тазалоого чакырабыз», — деп жазылат билдирүүдө.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!