— Арман Керимкуловна, баш калаабызда мемориалдык музейлер кайсы жылдары ачылып баштаганын айтып өтсөңүз?
— Мемориалдык музейлер 1986-жылы 11-июнда №292-токтомдун негизинде ачыла баштаган. Алгач С.Чуйковдун, Г.Айтиевдин, О.Мануйлованын үй-музейлери ишке кирген. Музейлер жаштарга тарыхты үйрөтүү жана ал инсандардын эмгектерин жайылтуу масатында түзүлөт эмеспи. 1995-жылы музейлерди жетектөөчү кызматка дайындалдым. Ал кезде үч үй-музей бар болчу. Калганы кийинки жылдары көрүүчүлөргө эшигин ачты. Ойчул, комузчу, чебер төкмө акын Токтогул Сатылганов атындагы адабият жана искусство музейи 1989-жылы акындын 125 жылдыгына карата, залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун демилгеси менен ачылган. Төкмө акын каза болгондон кийин, анын экинчи байбичеси Сейдимкан апа бала-чакасы менен жакыр турмуштан кыйналып, өкмөткө кайрылганда, алар ушул үйдү салып бергенге чечим чыгарышкан. Ал үйдө уулу Бабажан, кызы Гүлсара болуп бир аз жашаган соң, айылга жашап көнгөн байбиче калаадан кетет. Гүлсара искусствого жакын болуп, жаркылдап ырдап, шартылдата комуз черткен өңдүү-түстүү кыз болот. Алмончокой кезинде биринчи класста окуган кызы, курбусу үчөө үйүндө көмүрдүн исине ууланып каза болот. Азыр ал музейде 5000ден ашуун экспонаттар бар. Т. Сатылгановдун чыгармаларынан башка Тазабек Саманчин, Тоголок Молдо, Молдо Кылыч өңдүү кыргыздын алгачкы агартуучуларынын кол жазмасы сакталып турат.
— Музей ачууда кандай кыйынчылыктарды баштан өткөрдүңүздөр?
— Экспонаттардын жетишсиздигинен кыйналабыз. Мисалы, С.Чуйковдун музейин ачарда атайы Москвага барып, 12 картинасын араң таап келишиптир. Калган сүрөттөрү Орусиядагы музейлерге берилип, жакындарына белек катары да тартууланып кеткен экен. Семён Чуйковдун кыргыз сүрөт искусствосуна сиңирген эмгеги ат көтөргүс. Ал 1933-34-жылдары РСФСРдин Эл агартуу Комиссариатына кайрылып, Москвадагы музейлер фондусунан 72 картина алып келип, Кыргыз мамлекеттик сүрөт өнөр музейинин пайдубалын түптөгөн. Алгач Фрунзе калаасындагы ыйык Николай чоң чиркөөсүнө галерея уюштурат. Ошондо айрымдар: “Бекер убара болуп жатасың. Кыргыздар сүрөт көрүүгө кызыкпайт” деп күлгөн экен. Мындайды күтпөгөн Чуйков көпкө ойлонуп, акыры жолун табат. “Сыра бекер берилет” деген жарнаманы эшиктин оозуна илип коёт. Анан “чын эле бекер берилеби” деген кыязда, кыргыздар келе баштайт. Чуйков чөйчөккө көбүрүп-жабыра куюлган сыраны колдоруна карматып, сүрөттөрдү баяндаганга өтөт. Ошентип кыргыздарды сүрөт искусствосуна кызыктырат. Ушундай улуу адамдын чыгармачылыгы жөнүндө китеп ушул убакка чейин чыга элек экен. Биз ошол ишти колго алып, орус жана кыргыз тилинде китеп чыгардык. Андан сырткары, Сүймөнкул Чокморовдун 80 жылдыгына карата кыргыз, орус, англис тилинде сүрөтчүлүк өнөрүнө арналган китеп жарык көрдү. Бул кишинин дагы сүрөтчүлүгү боюнча эмгектер жокко эсе экен. Чокморов: “Менин кесибим сүрөтчүлүк” деп өмүр бою айтып өткөн. Сүймөнкул агайдын музейи өзү дүйнөдөн кайтканына 24 жыл болгондо, 2017-жылы ачылды. Агай дүйнөдөн өтөрүндө бир тууган агасы Намырбек Чокморовго “Музейимди ачтыргыла” деп керээз катары суранганын угуп, Чокморовдун музейин ачам деп 23 жыл чуркадым. Кезинде, 1992-жылы мамлекет тарабынан агайга асты жер төлө, үстүндө бир чоң бөлмө өнөркана салынып берилет. Ал абдан айкөл киши болгон экен, “мага иштегенге зал жетет” деп жер төлөнү үч жаш сүрөтчүгө колдонуп турууга берет. 1993-жылы өзү ааламдан өтөт. Аңгыча, үч сүрөтчүнүн бирөөсү жер төлөнү менчиктештирип алат. Кийин канча адамга кирсем дагы алдыңкы бөлмөнү кайрып ала алган жокмун.
— Жакын арада кандай иш-чара менен алек болдуңуздар?
— Быйыл алты музейге тиешелүү 18 чоң иш чара өткөрдүк. Анын бирин айта кетсек, Кыргыз ССРинин эл сүрөтчүсү Ольга Мануйлованын 130 жылдыгын белгиледик. Ал советтик Кыргызстандын аялдар арасынан чыккан эң алгачкы айкелчиси эмеспи. 1949-жылы биздин өкмөт атайын Токтогул Сатылгановдун эстелигин жасаш үчүн Орусиядан чакыртып алган. Мануйлова өмүрүнүн акырына чейин кыргыздын табиятын, элин сүйүп, өмүрү Кыргызстанда өткөн. Токтогул атабыздын айкелин жасоого тапшырма берилгенде Кетмен-Төбөгө барып, улуу акындын шакирттерине жолугуп, элин көрүп, жергиликтүү карапайым адамдардын образы түшүрүлгөн бир нече миниатюраларды да жасап келген. Анын колунан чыккан генерал-майор Панфиловдун эстелиги баатырдын атын алып жүргөн паркка коюлган. Бул залкар аялзатын мен дагы өз көзүм менен көрүп калдым. Анда ырчы болом деп операда окуп жүргөн кезим болчу. Бир күнү мугалимдер айтып калды: “ачка болсоңор баланча көчөдө кичинекей үй бар, дайыма дарбазасы ачык турат, ичкери кирсеңер курсагыңар тоёт,-” деди. Бир күнү курбу кызым экөөбүз ачка болбосок деле кызыгып, баягы үйдүн дарегин издеп жөнөдүк. Үйдү таап барсак дарбазасы чын эле ачык экен, үйгө кирсек залы абдан бийик, чачы бубактай, жүзү аппак, кичинекей, татына кемпир отуруптур. “Өткүлө, эмне жумуштап келдиңер?” деп орус тилинде сурап калды. Үйдүн ичи толо айкелдер экен. Биз улам бирин таңданып суктана карап жаттык. Баарын көрүп бүткөндөн кийин бизди сары май шыбалган нан жана шекер салынган ысык чай менен сыйлады. Көрсө, атактуу Ольга Мануйлова ушул адам экен. Кийин: “Мануйлова музейинде иштеп жатам, апа. Ал киши Чоң Чүй каналы казылуу учурундагы замбил көтөргөн кыздардын элестерин колого түшүрүптүр” деп айылга барганда апама айтсам, ойлонуп отуруп: “Ай, ал менин эсимде… кыркынчы жылдары биз каналды казуу иштери менен алек болуп жүргөнүбүздө, апакай сулуу аял карандаш менен кагазын алып жээкте сүрөт тартып отурчу эле” дейт. Кийин даңазалуу айкелчинин китептерин окуп көрсөм, чын эле согуш убагында комсомол жаштардын баары Чоң Чүй каналын кол менен казып, топурак ташыганга кыздарды жумшаган экен. Апамдын эскерүүсүн угуп, тагдыр деген кызык нерсе экен деп таң калдым.
— Айтсаңыз, музей жаатында кандай көйгөйлөр бар?
Биринчи көйгөйүбүз — музей кызматкеринин жетишсиздиги болуп келет. Илгери, биз окуган Б.Бейшеналиева атындагы Искусство институтунда музей кызматкерлигине даярдаган бөлүм бар эле. Ал бөлүмдүн жабылып калганына отуз жылга чукулдап калды. Быйыл кайрадан ачылды деген маалыматты угуп кубанып турам. Жаштар айлык аз болсо иштегилери келбейт экен. Анын үстүнө музей кызматкери болуш үчүн ар бир экспонатты жакшы көрүп, Чуйковду, Мануйлованы, Токтогул Сатылгановду, Сүймөнкул Чокморовду өз баласындай көрүп сүйүшү керек. Булардын өмүр-таржымалын толугу менен изилдеп билиш керек. Бизде 15-20 жылдан бери, айлык аз экенине карабай берилип иштеп келген балдар бар. Жаштарды музейди жакшы көрсө, камкор болсо деп ичимден аябай эңсейм.
— Сиз азыркы тапта отурган Исхак Раззаковдун үй-музейинин таржымалын айтып берсеңиз?
— Исхак Раззаковдун үй-музейи залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун кийлигишүүсү менен 2005-жылы ачылган. Бул үйдө Раззаков Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин Биринчи катчысы кезинде 1961-жылга чейин үй-бүлөсү менен жашаган. Ошончо жылдан бери Раззаковду билген, көргөн канчалаган улуу инсандар менен баарлаштым. Лейлектик жигит Сайипкарим Маматовдун эскерүүсү бар эмеспи. Москвада 1968-жылдары окуп жүргөн кезинде бир күнү облусттук комитеттен: “Аэропорттон жүк тосуп алып, андагы жазылган дарек боюнча бир адамга жеткиришиң керек” деп телефон чалат. “Даректе жазылган номерге телефон чалып, болжошкон жерге келсем, татынакай кийинген, көзү жалжылдаган, чепейген киши басып келип жагымдуу учурашты. Аманатын колуна карматарым менен чөнтөгүнөн аттишти алып чыгып биринчи кутуну ачты. Андан ак баштыкты алып чыгып, топуракты жыттап, бетине сүрүп болкулдап ыйласа мен күлкүм келди. Анан экинчи кутуну ачты эле анда жалаң жыттуу чөптөр, гүлдөр бар экен. Аларды кучактап алып жыттагылап көзүнөн он талаа жаш кетип жатты. Ал кезде мен 22 жашта элем, түшүнбөптүрмүн. Кийин ал кишинин ким экенин, өмүр баянын окуп алып өзүм ыйлап жүрдүм” деп И. Раззаковду эскерүү кечелеринде бизге эчен курдай көзүнөн жаш сызылып айтып берип жүрдү.
— Узак жылдардан бери музейдин ысыгына күйүп, суугуна тоңуп келе жатыптырсыз. Өзүңүздүн өмүр баяныңызды уга кетсек дагы ашыкча болбойт деп ойлойм. Атыңыз менен фамилияңыз кыргыз ысымдарына окшобойт турат…
— Мен өзүм казак кызы болом, 1949-жылы Жамбыл облусунун, Кордай районунун “Кеңес” айылында туулгам. Атам Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу болчу. Менин түшүнүгүмдө ок-дары эсептегич офицер болгон окшойт. Жоокерлерге эс алуу берилген маалда элден оолактап кетип ыр жазчу экен. Бир күнү “Арман” деген ыр жазып, согуштан аман калып, айылыма эсен-соо жетсем, биринчи төрөлгөн баламдын атын уулбу, кызбы, Арман коём” деп тилек кылат. Согуштан кийин мен төрөлүп, мага арзып жүргөн ысымды ыйгарышат. Казактын бул сөзү кыргызча которгондо “арзуу-тилек” дегенди билдирет эмеспи. Мен айылымдан сегиз жылдык мектепти, кийин Кордайдагы Абай Кунанбаев атындагы он жылдык мектеп-интернатты окуп бүтүрдүм. Москвадагы консерваториядан билим алып келген Аманбек Нуртазин деген агай бар эле. Менин ырдаганымды угуп: “Фрунзеде Опера Балет театрынын алдында эки жылдык студия ачылып жатат, келбейсиңби” дегенинен студияга тапшырып, Сайра Кийизбаеванын классында окуп, эки жыл таалим-тарбиясын алдым. Эжени эркелетип “Сайраке” деп койчубуз. Окууну аяктагандан кийин хордо он жылдай иштедим. Кийин Б. Бейшеналиева атындагы искусство институтуна өтүп, Маданиятты өнүктүрүү бөлүмүн ийгиликтүү аяктадым.
— Опера ырчылыгынан музей жаатына оогонду сизге тагдыр туш кылдыбы же жеке тандооңуз болдубу?
— Жолдошум, кыргыз маданиятынын эмгек сиңирген ишмери Токтогон Байсалов Караколдогу музыкалык окуу жайга директор болуп которулганда, мага дагы кошо кетүүгө туура келди. Каракол шаарында тарых жана край таануу облустук музейи бар экен. Мага директорлукту сунуштаганда “кантип жетекчи болом” деп коркуп, каршы болдум. Ал кезде обкомдун биринчи секретары Абсамат Масалиев болчу: “Шаардан келген кызматкер болуп туруп музейди жөнгө сала албайм деп кетенчиктегениң туура эмес. Эл директор болом деп аракеттенсе, сен качат экенсиң. Кой, антпе, Караколдун өнүгүүсүнө өз салымыңды кошушуң керек,”- деди. Ары ойлонуп, бери ойлонуп макулдугумду берип, иштеп баштадым. Көл жээгиндеги бүт айылдарды кыдырып, илгерки кийим-кече, ала кийиз, шырдак, туш кийиз, сөйкө-чачпактар, ат жабдыктарын чогулттук. Айрым экспонаттарды сатып алдык. Кээ бир апалар, жеңелер күмүштөрүн бекер берип койгон учурлар да болду. Көлдөгү орустар отурукташкан айылдардан күмүш самоорлорду чогулттук. Андан сырткары көл кылааасында жашаган канаттуулардын, жан-жаныбарлардын кебин жыйнадык. Ошентип Караколдогу тарых жана край таануу облустук музейи бекем бутка турду.

