— Алмаз Жумакадырович, Бишкек шаарында коомдук транспорттогу жол акы көтөрүлдү. Муну менен бирге шаардыктар шарт түзүп бериүүнү талап кылып келишет…
— Ооба, Бишкек шаарында 30-январдан баштап коомдук транспортто жаңы тарифтер күчүнө кирди. Автобус жана троллейбуста жол кире “Тулпар” картасы менен 17 сом, накталай 20 сом, MegaPay сервиси аркылуу 11 сом, менчик автобус жана маршруткаларда 20 сомду түздү. Тарифтик баалар боюнча шаардык кеңештин токтому 15-январда чыккан. Жол кирени көтөрүү чечимин шаардык кеңеш кабыл алган.
Бишкек мэриясы жана биздин департамент шаарыбыздагы коомдук транспортту жана жолдорду калыбына келтирүү иштерин аткарабыз. Негизги милдеттерибизге коомдук транспортту жакшыртуу, коомдук транспорттун ишмердигине мониторинг жүргүзүү, каттам жүрүүчү жолдордун кыймыл — чийимдерин түзүү, жаңы каттамдарды ишке киргизүү жана башкалар кирет. Бул тармакты жакшыртууга адистер, жүргүнчү, айдоочу, жалпы жарандарыбыз жардам бере алат деп ойлойм. Бишкекте 1-февралдан баштап күчөтүлгөн тартипте иш жүргүзүү, рейддерди өткөрүү башталды. Жалпы коомдук транспорт тармагында тартип, ирээтке келтирүү дагы да уланат. Мыйзамга, эрежеге баш ийбегендерге чара көрүлөт.
— Чыгыш жана батыш авто бекеттерин шаар сыртына көчүрүүнүн себеби эмнеде? Бул багытта жакында эле жаңы бир авто бекет ишке кирди, бул жарандарга кандай ыңгайлуулукту шарттайт?
— Батыш жана чыгыш автобекеттери 1961-81 жылдары салынган. Ал кезде шаар азыркыдан кичинекей болчу. Эки бекет тең ошол маалдагы шаарыбызга ыңгайлуу болгон. Ал учур менен караганда шаардын эки четинде болчу. Бүгүн болсо шаар кеңейди. Бул иштерди Президент Садыр Жапаров да колдоп, Бишкек мэриясы иш алып барууда. Бул багытта жаңы бекет КурманжанДатка (мурунку Алмата) айланма объездной көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашты. Ал жерден даяр имарат алынган. Реконструкцияланып, автобус, жеңил унаалар токтоочу жай, 60 киши жана 40 кишиге ылайыкташкан 2 күтүүчү жай орун алды. 3 касса иш алып барууда. Авто бекеттен шаарга каттай турган бир нече каттамдар ишке кирди. Эски бекеттин жаңы жерге көчүүсү, борбордогу транспорт көйгөйүн, жол тыгындарын жоюу аракеттери. Бүгүн бул бекеттен Бишкек – Жети-Өгүз – Бишкек – Түп- Бишкек-Каракол каттамдары иштеп жатат. Ал эми 2024 жылдын 3-кварталынан тартып батыш авто бекетин Достук айылынын маңдай тарабына көчүрүү иштери жүргүзүлөт. Эки бекеттин тең өз милдеттери болот. Чыгыш автобекети чыгыш батыш бекети батыш тараптагы каттамдарды гана тейлөөгө өтөт.
— Эски бекеттер эмне болот?
— Учурда эки бекетте тең иштер кадимки тартипте уланууда. Баары акырындык менен ишке ашууда. Эки бекеттин тең имараттары тарыхый имарттар болуп эсептелет жана сакталат. Бузулбайт, мындай маселе жок. Бул багытта Бишкек мэриясынын атайын долбоорлору бар.
— Департаменттин авто паркында бир канча жаңы автобустар токтоп турганы, айдоочулардын каттамга чыгууга даярданып жатканына күбө болдук, негизи эле жаңы сатылып алынып жаткан автобустар тууралуу маалымат берсеңиз?
— Ушу тапта авто паркта 782 автобус бар. Январдын соңунда 124 автобус келген Февралдын аягында дагы 500 даана автобус келип баштайт. Бардык автобустар каттамга чыгарылат. Автобустар газ менен жүрөт. «Жашыл шаар» долбоорунун алкагындагы бул иштер жаңы транспорт каражаттарын сатып алуу гана эмес, жалпы транспорт системасын модернизациялоого карай жасалган кадам. Жаңы автобустар жарандарды ыңгайлуу жана ишенимдүү ташууну камсыздайт. Бишкек мэриясы шаардын инфраструктурасын жакшыртуу жана шаар тургундарына бардык жагымдуу шарттарды түзүүгө болгон күч аракетин жумшоодо. Ал эми жаңы автобустарды айдоого айдоочуларды жумушка алуу да уланууда. Айдоочулардын айлыгы каттамга чыгуусуна, иштеген саатына жараша айлык алышат. Бир айдоочу 1 айда 40 миңден 100 миң сомго чейин таба алышат. Жакшы иштегендерге сый акыларыбыз да каралган.
— Ушу тапта шаары ичинде канча автобус каттамга чыгып жатат?
— Учурда 577 автобус каттамга чыгып жатат. Жаңы конуштардан тартып шаардын бардык жеринде тейлөө камтылды. Биздин автобустар шаар ичинен тышкары Чүй облусунун Ысык-Ата районуна чейин каттамга чыгууда. Шаардан тышкаркы райондорго чугуубуздун себеби, аларда кыймылдык курам жетшпегендигинен улам, жергиликтүү жарандар каттам киргизүүнү суранышкан. Мындан улам атайын макулдашунун негизинде биздин автобустар тартылууда. Эң алыс каттамыбыз Ысык Ата районундагы Новопавловка айылы.
— Кичи автобустук каттамдардын келечеги кандай болот?
-Бүгүн жалпы 1400 кичи автобустар каттамга чыгат. Муниципалдык 528, жеке кичи автобустар 929. Кичи автобустук каттамдарды такыр шаардан алып койбойбуз. Алар борбордук көчөлөрдө жүрүүгө тыюу салынат. Тагыраагы маршруттар 2-3-көчөлөр менен же жаңы конуштарда гана каттамда болушат.
— Ошондо, Бишкектин кайсы көчөлөрүндө маршруттар каттабайт?
— Чүй, Манас проспектиси И. Ахунбаев жана Юсуп Абдрахманов (Совет) көчөлөрүнө киришпейт. Шаардыктар байкап жатса керек, иштер башталды. Анткени, ушу тапта Ибраимов көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейин Чүй көчөсүндө бир дагы маршрутка жок. План боюнча дээрлик кичи автобустар борбордук көчөлөрдө айдалбайт. Борбордук көчөлөрдө автобус гана жүрөт.
-Жүргүнчүлөр автобус, тролейбуста жол акыны “Тулпар” картасы менен төлөшөт. Анын техникалык коопсузудугунда маселе жокпу?
—2009-жылдан бери “Тулпар” системасы ишке кирген. 30-январдан тарта жаңы тарифтер күчүнө кирип, ошондой эле банк которуу жолу, накталай акча менен да төлөө мүмкүнчүлүгү бар дифференцияланган тариф киргизилди. 30-январдан бүгүнкү күнгө чейин 500 миңден ашуун талон сатылды. Система жаңы ишке кирген убакты транскреация басылып, каражаттар алынып кеткен учурлар болгон. Бүгүн бардык иштер оң жолго коюлган. Негизинен карта колдонуучулар маселе жаралса ишеним телефондорго кайрылса болот. Жол акысы ашыгы менен алынып кетсе кайра кайтарылат. Анткени бардыгы системада ачык айкын көрсөтүлүп турат.
-“Менин шаарым” тиркемесинен кээ бир каттамдагы автобустар көрүнбөй калат, мунун себеби эмнеде? Негизенен бул тиркеме абдан ыңгайлуу анткени телефонубуздан автобустардын кайсы жерде келе жатканын көрүүгө мүмкүндүк берет эмеспи?
-Ооба, бул тиркемени жарандар телефондоруна көчүрүп алса абдан ыңгайлуу. Мунун максаты жарандарга шарт түзүүнүн кичинекей кадамы. Транспортту аялдамага барып күтпөй эле, кол телефонубуздан көрсөк болот. Учурда 2200 кичи автобус, автобус жана трелейбустун баарында GPS-трекерлери иштейт. Жакынкы күндө бардык коомдук транспортко аталган тиркеме катталуу уланат. Бул багытта атайын рейд, түшүндүрүү иштери жүрүүдө. Автобустардын GPS-трекерлерин өз алдынча өчүргөн айдоочулар аныкталып, аларга чара көрүлүүдө. Бул мыйзам бузууга барабар. Бул иштер каттамдардын тартибин, ырааттуулугун, аралыгын шарттаган тиркеме. Бул системаны ар бир айдоочу туура түшүнүүсү зарыл.
— Бишкектеги аялдамалар да заманбап шартка ыңгайлашууда, бул иштер дагы да уланабы?
— Бул багыттагы иштерди Бишкек мэриясы ишке ашырууда. Негизинен шаарда 700дөн ашуун аялдама бар. Аялдамалар курулуп, жаңыланып жатат. Алдыда дагы да жаңылоо иштери жүргүзүлөт. Негизинен аялдамалар бардыгы бир типте, окшош болот.
Маектешкен Мээрим БАКТЫБЕК кызы