"Эркин-Тоо"

Бишкек шаардык Тазалык муниципалдык ишканасынын директору Жолдошбек Чуштуков: “Борборубуздун «кирпигине» чаң жугузбоо – ар бирибиздин парзыбыз”

— Жолдошбек Бахтиярович, дүйнө жүзүндөгү өлкөлөргө салыштырсак – абасы, айланасы кир Кыргызстан тазалык боюнча ат чабым артта калдык. Аруулануу маселеси курч көйгөйлөргө айланууда. Бир жакшы жери, сиздер аталган кечиктирилгис милдеттердин сааттарын чыгара баштадыңыздар. Мына ушул багытта сөздү баштасак…

— Буга чейин кеткен кемчиликтерди четтетүү үчүн биринчи кезекте бизге заманбап атайын техникалар зарыл эле. Мына эми тилектерибиз иш жүзүнө аша баштады. Бардыгы 168 техника алууга тийиш болсок, мындан 136 жаңы техника колго тийди. Үзүрүн кышында көрдүк. Кара күч кадимкидей кыскарды. Калган 32 техника жакын арада келет. Аталган заманбап техникалар Кытай, Беларусь жана Италиядан келүүдө. Ыңгайлуулуктары, шарттары, кыймылдары шай техникалардын пайдасы айтып болгус зор болууда.

— Теледен байма-бай таштандыларын туш келген жерге таштап кетип жаткан шаардыктар тууралуу кыска роликтер көрсөтүлө баштады. Баамыбызга караганда таасири бардай.

— Теледен берилип жаткан жагдайлар биз тараптан атайын даярдалып тартылган роликтер эмес. Шаарыбызда 32 жерге видеокамераларды орноштурганбыз. Бул эпизоддор ошол тартылган видеокамералардагы чындыктар. Кабагым-кашым дешпестен арыктарга жана башка жайларга колдорундагы таштандыларын таштап кеткендерге наараазылыктан башка айып пулдар салынууда.

— Демек, тазалык ар бирибиздин ыйман-ызатыбызга жараша теске салынчудай. Мисалы, учурда таштандыларды сорттоп, кагазын бир башка, калайын бир башка топтоп орнотулган урналарга салуу кадамы башталды. Кайтарымы кандай?

— Таштандыларды сорттоочу жайды Ош жана Аламүдүн базарларына, көп кабаттуу үйлөрдүн алдына, 7-8 жерге  орноттук. Аларга көз салган кызматкерлерибиздин айтуусунда мектеп окуучулары, студенттер жана жаштар жапжакшынакай болуп келишип, таштандыларын сорттоп, тийиштүү урналарга салып жатышыптыр. Тилекке каршы, эски кишилер, улгайган адамдар таштандыларын сорттобостон эринишип, таштап кетип жатыптыр. Мындан улам: “Акыл жаштан, асыл таштан” деген илгеркилердин таасын сөзү эске түшөт. Бала бакча, мектеп партасынан тазалык жана экология таалимин берип жаткан тарбиячы, мугалимдерге жана ата-энелерине рахмат. Келечек жаштарга таандык. Борборубуздун «кирпигине» чаң жугузбай сактоо, ар бирибиздин негизги парзыбыз болууга тийиш. Мен бир катар чет өлкөлөргө барып келдим. Кытай мамлекети не деген калкы калың мамлекет, бирок бул үлкөн өлкөнүн көчөлөрүнөн, бардык жайларынан чачылган, туш келди ташталган таштандыларды көрбөйсүз. Тазалыкка болгон тартип темирдей бекем. Алыс барбай эле бир тууган коңшу өлкөлөр Өзбекстан, Түркмөнстан жана башка өлкөлөрдү алалы, аларда да акактай тазалык. Тили бир, дили бир бир тууган өлкөлөрдөн эмнебиз кем?! Эртерээк арыбызга, намысыбызга келбесек, эртең кеч болуп калат.

Аймактык реформалардын натыйжасында шаар кеңейди, биздин да иштерибиз 3 эсе көбөйдү. Тазалык ишканасында жалпысынан эмгектенген кызматкерлердин саны 1895. Ал эми 1650 адам таштандыларды тазалоо жана чыгаруу менен алектенишет. Анык мээнет мына ушул жөнөкөй жумушчуларга таандык. Албетте, анча-мынча болсо да айлыктарыбыз көтөрүлдү. Негизинен айлык акылар 30-40 миң сомдун тегерегинде. Биздин максат – бара-бара 70-80 миңге чейин жеткирүү.

16-мартта кесиптик майрамыбызды өткөрдүк. Ынтымак жана ырашкерлик бар жерде ийгиликтер илгерилейт. Көп жылдан бери эмгектенген ардагерлерибизди баш, мыкты иштегендерди төш кылып колдон келишинче колдоп, сыйлоого бүткүл мүмкүнчүлүктөрдү жумшадык. Биздин эмгектей оор эмгек болбос. Борборубузду акактай күтүп алуу, ар бирибиздин колубузда. Тазалык жана экология меселесин ар убак туу туталы.

— Алдыдагы бирден-бир максатыңыздар тууралуу айтып берсеңиз. Белсенип иштеген иштериңиздер акыбетин кайтаруудабы?

— Жыйырма биринчи кылым – санарип кылымы. Мына ушул жагдайдан алып карасак,  санариптештирүүгө айрыкча көңүл бурушубуз кажет. Санариптештирүүнүн пайдасын көрө баштадык. Кабинетимден алыстабай эле ар бир кызматкерлеримдин кыймылын алаканга салгандай көрүп турам. Бул чоң жетишкендик. Онлайн – оң турмуш. Кечээгидей үймө-үй кыдырып дүмүрчөк таратуу азыр өң тургай түшкө кирбей калган. “Менин шаарым – менин үйүм” тиркемелерине кирип төлөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Кыскасы, санарип заманбап шарт жарашты. Кубанганым, биз да кубаттуу өлкөлөрдүн катарына кошулабыз. Учурдагы иштерибиздин келечеги зор.

Айчүрөк Макешова