"Эркин-Тоо"

Бишкек шаарында №25, жана №175 муниципалдык автобус каттамдары ишке кирди

Бүгүн, 10-июлдан тарта Бишкек шаарында №25, жана №175 муниципалдык автобус каттамдары иштей баштады.  Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, №25 муниципалдык автобустун акыркы аялдамасы «Ала-Тоо» жана «Кара-Жыгач» конуштарында жайгашат. Күн сайын 22 автобус каттамга чыгат. Орточо аралык 10 мүнөттү түзөт.

Ал эми №175 муниципалдык автобустун акыркы аялдамасы шаардын жогорку бөлүгүндөгү «Жаштар кварталында» жана «Маевка» айылында жайгашат. Күн сайын 20 автобус каттамга чыгат. Орточо аралык 10 мүнөттү түзөт.

Бул автобус каттамдары шаардыктардын кайрылууларынын негизинде киргизилген.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!