"Эркин-Тоо"

Бишкек шаарында мектептерде 50 миң бала ашыкча окуп жатат

Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Жогорку Кеңештин 9-октябрдагы жыйынында билдирди. Министр  Кыргызстанда 2173 мамлекеттик жана 204 менчик орто мектептер бар экенин айтып, аларда жалпы 1 миллион 491 миң бала билим ала тургандыгын айтты.

Догдуркүл Кендирбаева Бишкек шаарында элдин саны көп болгондуктан, билим берүү мекемелерине окуучуларды белгиленген сандан көп кабыл алууга туура келип жатканын кошумчалады. Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, шаарда мектептерде бир класста 36дан ашык окуучу болбошу керек. Бирок, учурда шаарындын мектептеринде 50 миң бала ашыкча окуп жатат,-деди министр.