"Эркин-Тоо"
Коом

Бишкек шаарындагы «Адинай» паркында жарандарга бекер медициналык кызмат көрсөтүлөт

Бишкектеги «Адинай» паркында 3-апрель күнү, Дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата масштабдуу акция уюштурулат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирет.

Иш-чаранын башталышы: 10:30
Дүйнөлүк ден соолук күнүнүн алкагында акциянын коноктору ВИЧке экспресс-тест тапшырып, кан басымын, кандагы канттын өлчөмүн текшерте алышат. Ошондой эле, чылым чегүүнү таштоо, туура тамактануу, менталдык ден соолук, биринчи жардам көрсөтүү жаатында да кеңештер берилет.
Эскертүү:
Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу, катышуучулардан — бет кап кийип, бир метр аралыкты сактап, антисептик колдонуу талап кылынат.