Бишкек шаарында жалпысынан 157 миңден ашуун турак үй болсо, анын 30% жакыны газдаштырылды. Бул тууралуу бүгүн, 17-январда Жогорку Кеңештин «Альянс» жана «Ыйман нуру» фракциялары биргелешип өткөргөн жыйында Бишкек мэринин орун басары Талайбек Байгазиев билдирди.
Анын айтымында, 2024-жылы 16 миң абонентке, жалпысынан калаадагы 31 миңдей үйгө газ берилген. Конуштарды газдаштыруу боюнча 2024-жылы рекорддук көрсөткүч болуп, 16 миң абонент газга туташты.