"Эркин-Тоо"

Бишкек шаарынын 147 жылдыгы белгиленет

Үстүбүздөгү жылдын 26-27-апрелинде Бишкек шаарынын 147 жылдыгына карата иш-чара өткөрүлөт. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады.
Иш-чараны аталган мэрия RCA Living компаниясы менен биргеликте уюштурат.
Ала-Тоо аянтында өтө турган азем саат 13:00дөн 22:00гө чейин уланат. Анда жандуу үн менен коштолгон концерт, спектаклдер, интерактивдүү оюндар сыяктуу жана башка көрсөтүүлөр, оюн-зооктор тартууланат.