Элдик курултайга делегаттарды шайлоо үчүн Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын курултайы 2022-жылдын 10-октябрында Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин “Элдик курултайды чакыруу жөнүндө” токтомунун долбоорунда айтылат.
Токтомдун долбооруна ылайык, курултайда эки маселе каралат:
— Бишкек шаарынын мэринин 2022-жылдын 1-жарым жылдыгы үчүн отчету;
— КР Элдик курултайына делегаттарды шайлоо жөнүндө.
Бишкек курултайына 500 делегат чакыруу пландалууда:
- Ленин району — 125 делегат;
- Октябрь району — 140 делегат;
- Биринчи май району — 101 делегат;
- Свердлов району – 134 делегат.