"Эркин-Тоо"

Бишкек шаарынын тургунунун унаасынан 3 кг баңгизат табылды

Бишкек шаарынын тургунунун унаасынан 3 кг марихуана баңгизаты табылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек – Торугарт жолунун 23-чакырымында «Тайота Авенсистин» унаасы токтотулуп, текшерүү учурунда унаадан көлөмү 5 литрлик өзгөчө жыты бар эзилген зат табылган.

Алынган заттын жалпы салмагы 3 кг болгон 85 грамм кургатылган марихуана экени аныкталган.

Аталган факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинде каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголуп, кармалган 39 жаштагы С.Р. Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына жеткирилген.

 

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!