Бишкек ШИИБнин тергөө кызматынын кызматкерлери 160 миң сом пара талап кылуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматта айтылгандай, кармалгандар Бишкек ШИИБнын өзгөчө маанилүү иштер боюнча ага тергөөчүсү, милициянын подполковниги К.Б.М., жана Кылмыш иликтөө башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн тескөөчүсү, милициянын майору А.А.Э., ошондой эле ортомчу катары иш алып барган А.Э.Э. аттуу жаран экени айтылды.
Алар тергөөнүн жыйынтыгында жаранга кылмыш ишин козгоп, кылмыш жоопкерчилигине тартуу шылтоосу менен акча талап кылынгандыгы аныкталган. Жүргүзүлгөн тинтүүдө кармалгандардын кызматтык бөлмөлөрүндө пара катары алынган 80 миң сом жана ошондой эле 30 миң сомдон ашык суммадагы башка далилдер (жогоруда көрсөтүлгөн акча каражаттарынан төлөнгөн чектер жана квитанциялар) табылган.
Учурда кармалган милиция кызматкерлери УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.