"Эркин-Тоо"

Бишкек-Торугарт унаа жолунда жол кырсыгы катталды

Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунда Mercedes-Benz Sprinter жана Toyota Rav 4 кагышып, тогуз адам жабыркаган. Бул тууралуу Нарын облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык,  коомдук унаа 17 жүргүнчү менен Ак-Талаа районунан Бишкектин көздөй жол тарткан, ал эми жеңил автоунаа Нарынга бараткан.

Кырсыктан жабыркаган тогуз адамдын төртөө Toyota Rav 4 унаасында бараткан, бирөө жандандыруу  бөлүмүндө. Ал эми калган 5 адам коомдук унанын жүргүнчүлөрү болгон. Айдоочу жана эки жүргүнчү ооруканага жаткырылган, дагы экөө жандандыруу бөлүмүндө экендиги кабарланды.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүүдө.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!