Кийинки аптадан тарта Бишкек-Жалал-Абад, Бишкек-Баткен, Бишкек-Раззаков авиакаттамдары жанданышы мүмкүн. Бул тууралуу Жарандык авиация агенттиги билдирди. Эске салсак Tez Jet компаниясынын учагы бузулуп калгандыктан аталган каттамдар 1-июлдан тарта токтотулган.
«Жалал-Абадда, Баткенде, жана Раззаковдо ээропорттордун учуу-конуу тилкелери кыска болгондуктан, бир гана RJ-85 (АвроЖет 85) учагы учат. Башка чоң учактарга алмаштыруу мүмкүн эмес. Tez Jet компаниясынын учагы бузулуп калгандыктан, каттамдар токтотулган. Тетиктерди чет элден алып келгенге убакыт керек. Эми алып келишиптир, ушул аптада оңдолуп, кийинки жумадан каттамдар жанданышы мүмкүн», — деди агенттиктин өкүлү Айнура Молдалиева.