"Эркин-Тоо"

Бишкек жана Ошто диний окуу жайлар үчүн тренингдер өткөрүлдү

Кыргызстандын балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаеванын демилгеси боюнча Бишкек жана Ош шаарларында диний окуу жайлар жана аялдардын диний борборлору, аялдар коомчулугунун лидерлери жана медреселердин окутуучулары үчүн эки күндүк тренинг өткөрүлдү.

Аталган тренинг БУУнун Калкты жайгаштыруу фондунун (ЮНФПА) колдоосунда Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы менен биргеликте “Мутакалим” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулду.

Тренингде үй-бүлө мүчөлөрүнүн ортосунда зомбулуксуз өз ара мамилелер, үй-бүлөдөгү эркек баланын жана кыз баланын ролу, ажырашууларды алдын алуу, репродукциялык системанын инфекциялары ж. б. маселелер талкууланды.

Иш-чаранын максаты — кыздарга жана аялдарга карата катаал мамилени болтурбоо жана таасирдүү чара көрүү, эрте никеге турууну алдын алуу болуп саналат.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!