"Эркин-Тоо"

Бишкек ЖЭБинде кайрадан ТВЕА компаниясы

Кытай Эл Республикасынын ТВЕА компаниясы 2014 – 2018-жылдары Бишкек ЖЭБин модернизациялоо иштерин жүргүзүп, 2018-жылы 26-январда катуу суукта ЖЭБде чоң авария болуп, Бишкек шаарынын ЖЭБи тарабынан жылуулук берилген бир катар турак жайлар, социалдык объектилер  бир топ күн бою жылуулуксуз калганы элдин эсинен чыга элек болушу керек. Ошол авариядан кийин Бишкек ЖЭБин модернизациялоо үчүн Кытайдын Эксим банкы тарабынан берилген 386 миллион доллар акча каражатынын  көпчүлүк бөлүгү максатсыз, жеке кызыкчылыктарга жумшалып кеткени ачыкка чыгып, тиешелүү адамдарга кылмыш иши козголуп, бир нече жооптуу кызматкерлер камакка алынып, жоопко тартылганы белгилүү болгон. Териштирүүнүн жыйынтыгында модернизациялоонун жүрүшүндө коррупциялык элементтер бар экени аныкталып, КРнын мурдагы премьер-министрлери Жантөрө Сатыбалдиев менен Сапар Исаков баштаган бир топ жетекчиге айып тагылып, түрдүү жаза мөөнөттөрү чегерилгени эсибизде.

Арадан 6 жыл өткөндө КР Энергетика министри Таалайбек Ибраев 2024-жылы 31-мартта Бишкек жылуулук борборунда (ЖЭБ) кытайлык ТВЕА компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Чжан Синь менен кайрадан жолугушуп, ЖЭБдин №3 жана №4 блокторун оңдоо, эскилиги жеткен жабдууларды алмаштыруу тууралуу сөз болгону кабарланды. “ТВЕА ЖЭБдин №3 жана №4 блокторун оңдоо өнөктүгүнүн алкагында адистерин жөнөтүү чечими кабыл алынганын, алар кыргызстандык адистерди мындан ары өз алдынча оңдоо иштерин жүргүзүүгө даярдап, окутат,” деп жазылган аталган министрлик жайылткан расмий маалыматта.

Бишкек ЖЭБинде 2024-жылы 2-февралда таңкы саат 3төр чамасында экинчи жолу  катуу жарылуу болуп, электр энергиясын өндүргөн жана жылуулук берген отказандардын көбү өчүп, анын кесепетинен борбор калаада жылуулук жана ысык суу берүү чектелип, 5-февралда калыбына келтирилгени боюнча маалымат берилген. Бул жолку авариядан беш адам жабыркап, экөөнүн абалы оор болгондуктан ал экөө Түркияга жөнөтүлүп, ошол жакта дарыланып жатканы маалым. Өткөн аптада ЖЭБдеги авариянын себептерин аныктоо үчүн түзүлгөн мекемелер аралык комиссиянын корутундусу даяр болгонун КР Энергетика министринин орун басары Талайбек Байгазиев кырсыкка айрым кызматкерлер жана эскилиги жеткен жабдыктар себеп болгон деген тыянак чыгарылганын ЖМКларга билдирди.

КР Президенти Садыр Жапаров 2-февралда Бишкек жылуулук борборундагы (ЖЭБ) авария боюнча улуттук “Кабар” маалымат агенттигине маек берип, журналисттин,

– Азыр айрымдар авария ЖЭБдин эски бөлүгүндө болду, эгер модернизация болуп, жаңы блоктор курулбаганда кырдаал азыркыдан да алда канча кыйын болмок деп айтып жатат. Башкача айтканда, модернизация болгону туура эле болгонбу? – деген суроосуна,

– Ооба, авария эски бөлүгүндө болду. Кептин баары ушул жерде жатат. 386 миллион долларга чала-була бирдеме кылбастан, эски ЖЭБди ийне-жибине чейин оңдоп койсо болмок. Же кошуна өлкөдөгүдөй 300 миллион долларга жаңы ЖЭБ куруп коюш керек эле. Ал эми жаңы блоктор курулбаганда абал мындан оор болмок дегендер – бет тырмарлык кылгандар. “Кылгылыкты кылып коюп, кыл жип менен бууп коюп”, мыйыгынан күлүп отургандар. Азыр эми ЖЭБди толугу менен модернизациялоого тапшырма бердим. Албетте, чоң сумманы талап кылат. Айла жок, каражат булактарын издеп табабыз да эми, — деп жооп берген. Учурда оңдоп – түзөтүү иштери Кытай Эл Республикасынын ТВЕА компаниясы тарабынан колго алынганы маалым болду.

 

Бахпурбек АЛЕНОВ

№25 «Эркин-Тоо» гезити

2024-жылдын 2-апрели

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!