"Эркин-Тоо"

Бишкек ЖЭБиндеги кырсык. Кытай 100 миң доллар бөлөт

Кытайдын Синьцзян-Уйгур автоном районунун бийлиги Бишкек жылуулук электр борборундагы кырсыктын кесепеттерин жоюуга 100 миң доллар бөлөт. Бул тууралуу Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, 12-февралда Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев менен жолугушту.

Гуманитардык каржылык жардам Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан жакын арада которулары кабарланды.

Министрдин орун басары Айбек Молдогазиев кытай тарапка ыраазычылык билдирип, гуманитардык жардамдын көрсөтүлүшү Кыргызстан менен Кытай элинин ортосундагы терең достукту чагылдырарын белгиледи.

Быйыл 2-февралга караган түнү болжол менен саат 03:00дө Бишкек ЖЭБинде авария катталып, жабдуулар иштен чыккан. Беш адам жабыркап, ооруканага түшкөн. Алардын экөөнүн абалы оор болгондуктан Түркияга дарылануу үчүн жөнөтүлгөн.

Бул кырсыктын себептерин иликтеп, сунуштарды иштеп чыгуу үчүн өкмөттүк комиссия түзүлгөн. Анын жетекчилигине министрлер кабинетинин төрага орун басары Бакыт Төрөбаев бекитилген.

 

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!