"Эркин-Тоо"

Бишкек ЖЭБине Казакстандан сатып алынган көмүрдүн биринчи партиясы жеткирилди

 

Бишкек Жылуулук электр борборуна Казакстандын Шабыркүл кенинен көмүрдүн биринчи партиясы алып келинди. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Ага ылайык, бүгүн Энергетика министри Таалайбек Ибраев Бишкек ЖЭБине барып, күз-кыш мезгилине карата даярдык иши менен таанышты.

Министрдин айтымында, алдыдагы жылытуу мезгилине Бишкектин ЖЭБине 1,5 млн тонна көмүр керектелет. Бүгүнкү күндө Шабыркүл кенинен D сортундагы көмүрдүн биринчи партиясы жалпы салмагы 3200 тонна болгон 47 вагон көмүр келип түшүрүлдү.

Белгиленгендей, казакстандык ОсОО «Инновациялык Гефест» компаниясы менен 550 миң тонна көмүр алып келүү боюнча келишим түзүлгөн.

Көмүрдүн кийинки партиясы, жакынкы күндөрү графиктин негизинде жеткирилет. 550 мин тонна көмүрдү жеткирүү график менен март айына чейин созулат.

Мындан тышкары, Кара-Кече кенинен 600 миң тонна, Таш-Көмүрдөн 50 миң тонна көмүр алуу боюнча келишимдер түзүлгөн.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!