Бишкек ЖЭБинин учурдагы активдүү кубаттуулугу 310 мегаватты түзүүдө. Бул тууралуу Энергетика министрлиги маалымдайт. Сырттагы абанын температурасы төмөндөгөнүнө байланыштуу “Бишкекжылуулуктармагына” берилген ысык суунун температурасы орто эсеп менен +61 градусту түзүүдө.
Маалыматка ылайык, бүгүн кечкиге чейин ЖЭБдин активдүү кубаттуулугу дагы көтөрүлөт.
Белгилей кетсек, суук түшкөндөн бери шаар тургундарынан көптөгөн арыз-даттануулар түшүүдө. Айрым үйлөрдө батареялар муздак болуп, ысык суу жок экени кабарланган.