"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Бишкек: Жолдогу жарыктар жаңыртылды

«Бишкекжарык» ишканасы тарабынан Чүй проспектисинин бир бөлүгүндөгү жарыктар жаңыртылды. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады.

Тагыраагы Манас проспектисинен Бейшеналиева көчөсүнө чейинки жолго 84 чоюн мамы орнотулуп, 3000 метр изоляцияланган зым тартылды. Андагы жөө жүргүнчүлөр өткөн аллеяларга да жаңы чырактар коюлду.

Эске сала кетсек, буга чейин ушундай эле жарыктандыруу системасы Абдрахманов көчөсүнөн Манас проспектисине чейинки тилкеге орнотулган.