"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Маданият

Бишкекке 26 өлкөдөн 200гө жакын кинематографист келди

Кечээ, 11-июнда, Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда III Бишкек эл аралык кинофестивалы расмий түрдө ачылды. Ачылышка Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышты.

Маданият министри Мирбек Мамбеталиев фестивалдын 2023-жылдан бери өткөрүлүп келе жаткандыгын жана ал Кыргызстандын маданий жүзү болуп калгандыгын белгиледи.

Азем коноктордун “Асман жолу” килеминен өтүшү менен башталып, концерттик программа менен коштолду. Ошондой эле белгилүү италиялык актёр жана режиссёр Микело Плачидого “Кинематографиядагы легендарлуу жетишкендиктери үчүн” сыйлыгы тапшырылып, калыстар тобу жана сынакка катышкан тасмалар элге тааныштырылды.

Белгилей кетсек, фестивалга быйыл 26 өлкөдөн 70тен ашык конок жана 200гө жакын кинематографист келди. Анын алкагында 30дан ашык тасма көрсөтүлөт.