"Эркин-Тоо"

Бишкекке 50 жаңы автобус келет

Бишкекке Кытайдын «Zhongtong bus Holding Co., LTD» заводунан 50 даана жаңы жүргүнчү ташуучу автобустардын биринчи партиясы келе жатат.

Бишкек шаардык мэриясынан билдиришкендей, жаңы автобустар 2023-жылдын 15-сентябрына чейин линияга чыгып, калкты тейлей баштайт.

Ошондой эле «Zhong Tong Bus» компаниясы менен макулдашылган график боюнча 450 даана жүргүнчү автобустарын жеткирүү 2023-жылдын аягына чейин күтүлүүдө, калган 500 даана 2024-жылдын 1-кварталында келет.

 

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!