"Эркин-Тоо"

Бишкекке Азербайжандын делегациясы келди

Бишкекке Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын күзгү сессиясына катышуу үчүн Азербайжан Республикасынын Милли Межлисинин төрайымы Сагиба Гафарова баштаган делегация келди.

«Манас» эл аралык аэропортунан Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев тосуп алды.

Белгилей кетсек, 2023-жылдын 16-17-ноябрь күндөрү Бишкекте Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) жыйындары өтөт.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!