Бишкек шаарында бактардын басымдуу бөлүгү 1960-1970-жылдары тигилген. Бул тууралуу Бишкек шаарынын «Жашылдандыруу-курулуш» муниципалдык ишканасынын маркетинг, сатуу жана инвестиция тартуу бөлүмүнүн башчысы Жаныбек Жумалиев билдирди. Ошондуктан шамал болсо бактар кулаган учурлар көбөйдү.
«Бишкектеги бактардын көбү карыды. Басымдуу бөлүгү 1960-1970-жылдары тигилген, жашоо мөөнөтү бүтүп калды. Учурда Бишкектеги бактардын 30 пайызын кыркып, тазалап, алмаштыруу керек», — деди Жумалиев. Ошондой эле ал азыр кыркыла турган дарактардын ордуна кандай бак тигилерин окумуштуулар талкуулап жатканын кошумчалады.