Үстүбүздөгү жылдын 10-ноябрынан тарта Бишкекке каттаган шаар айланма поезддер жаңы график боюнча жүрө баштайт. Бул өзгөртүү борбордогу транспорттук тыгынды азайтуу жана жакын конуштардагы тургундардын күнүмдүк муктаждыктарын эске алуу менен иштелип чыккан.
Маалыматка караганда, жаңы график таңкы жана кечки убакта жумушка же окууга каттаган жүргүнчүлөргө ыңгайлуу болсун деген максатта түзүлгөн.
Бишкек – Кайыңды – Бишкек каттамы:
Поезд Бишкек-2 бекетинен саат 18:40та чыгып, Кайыңдыга 20:57де жетет. Артка кайтуу — саат 06:00дө, Бишкекке 08:20да келет.
Бишкек – Токмок – Бишкек каттамы:
Поезд Бишкек-1 бекетинен 18:22де, Бишкек-2ден 18:35те чыгып, Токмокко 20:28де жетет. Артка кайтуу — саат 06:30да, Бишкекке 08:35те келет.
Жол кире бардык багыттар үчүн бирдей: чоңдор үчүн 40 сом (накталай эмес), 60 сом (накталай); балдар үчүн 20 сом (накталай эмес) жана 40 сом (накталай).

