"Эркин-Тоо"

Бишкекке Кытайдан дагы 35 автобус алып келинди

Бишкек шаарына дагы 35 автобус алып келинди. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Бир ай ичинде 500 автобус толук алып келинет.

Былтыр Президент Садыр Жапаровдун Кытайга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында бул өлкөдөн газ менен жүрүүчү 1000 автобус сатып алуу боюнча чечим кабыл алынган. Келишимге ылайык, өткөн жылы жарымы келген, быйыл жарымы жеткирилет.

Автобустар толук келип бүтсө, борбор шаардагы кичи маршруттук каттамдар автобустарга алмаштырылат. Андан тышкары, дизель отуну менен жүргөн миңден ашык кичи маршруттук каттам шаардын сыртына чыгарылат.

 

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!