"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Кыргыз Республикасынын Президенти

Бишкекке жаңы шаарча курулат

Бишкек шаарында мурда «Ак-Кула» ат майданы жайгашкан жерде “Роял Сентрал Парк” – турак-жайлар, социалдык объектилер, парк аймактары, бизнес, соода борборлору камтылган комплекс курулат. Комплексти куруп баштоодо мезгил кутусун салуу аземине Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров катышты.

«Биз 3 миллиардга жакын АКШ долларына бааланган инвестициялык долбоорду ишке ашырууга бел байлап олтурабыз. Мурдагы ат майдан ээлеген аймакка 23 миң батир, 25 миң унаа токтотуу жай, 45 миң чарчы метр эл аралык соода түйүнү, коммерциялык жана кеңсе жайларына арнала турган 55 кабаттуу борбор курулмакчы. Мындан сырткары, мектеп, оорукана, мейманкана баштаган социалдык объектилерди салуу дагы каралган. Болочоктогу шаарчанын аймагына сейил бак, жасалма көл курулуп, жашыл аянтчалар менен көрктөндүрүлөт”, — деп белгиледи мамлекет башчысы.

Президент элдин жетишкен турмушта жашоосу үчүн шарттарды түзүп, айрыкча турак-жай маселесин чечүүгө бар аракетти көрүп келатканын баса белгиледи: “Кезекке турган миңдеген жарандарыбыз Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу четинен ак өргөлүү болушууда. Буюрса, бүгүн сөз кылып жаткан шаарчадан дагы 20 миңден ашык жараныбызга үй берүүнү мерчемдеп жатабыз.»