"Эркин-Тоо"

«Бишкексуучарба» ишканасына жаңы жетекчи дайындалды

«Бишкексуучарба» муниципалдык ишканасына жаңы жетекчи дайындалдыТиешелүү буйрукка мэр Айбек Жунушалиев кол койду.

Бишкек мэриясынан билдиришкендей, аталган ишкананын директору болуп Болотбек Одракаев дайындалды.

Эске салсак, «Бишкексуучарба» муниципалдык ишканасынын мурдагы директору Жумабек уулу Радик Ала-Арча дарыясынын нугундагы ылайдан арылтуу боюнча чараларды көрбөгөндүгү, суунун абалына жана муздун көлөмүнө жетиштүү көзөмөл жүргүзбөгөндүгү, бүгүнкү түзүлгөн кырдаалды чечүү боюнча ишти ыкчам уюштура албагандыгы үчүн ээлеген кызматынан бошотулган.

Пример HTML-страницы