"Эркин-Тоо"

Бишкекте үч күн азык-түлүк жарманкеси өтөт

30-апрель күнү жана 1-2-май күндөрү Бишкек шаарында азык-түлүк жарманкеси өтөт. Иш-чара Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Соода-өнөр жай палатасы менен биргеликте уюштурулат.

Жарманкеде эт, балык, сүт, май, бал, колбаса, сыр, жумуртка, картошка, жашылча жемиштер, кум шекер, ун жана башка азыктарды арзан баада сатылат.

Шаардын жашоочуларын социалдык-маанилүү тамак-аш азыктарынын кеңири ассортименти менен камсыз кылуу максатында айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөрүнүн ортомчусу жок түздөн түз продукциялары жарманкеге коюлат.

Жарманке өтө турган жай: Разаков көчөсү (Киев жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилиши)

 

Калыгул БЕЙШЕКЕЕВ