Бишкекте 9-майда Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 78 жылдыгы белгиленет. Шаар мэриясынын маалымат кызматы иш-чаранын программасын жарыялады.
Жеңиш аянтында 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 78 жылдыгына арналган митинг-реквием өтөт.
Саат 10:00дө Түштүк дарбазадан «Өлбөс полк-Кыргызстан» акциясы башталат. Марштын катышуучулары Түштүк дарбаза – Абдрахманов-Фрунзе көчөлөрү — Жеңиш аянты багыты менен жүрүшөт.
Акцияны «Өлбөс полк-Кыргызстан» кыймылы, Коргоо министрлиги жана Бишкек шаарынын мэриясы уюштурат. Мэрия шаар тургундарын ардагер жакындарынын сүрөттөрү менен жүрүшкө чыгууга чакырат.
Борбордун райондорунда да иш-чаралар өтөт. 8-майда саат 10:00дө Жаш Гвардия бульварында жайгашкан Баатырлар аллеясында курман болгон жоокерлердин эстелигине митинг-реквием болуп, гүлчамбарлар коюлат. 9-майда Ленин районунун башчысы ардагерлерди зыярат кылат.
9-майда саат 18:00дө «Ынтымак-2» сейил багында «Жеңиш ырлары» аттуу концерт өтөт.
1-майдан 5-майга чейин №29 МГ спорт комплексинин базасында Жеңиш күнүн майрамдоого арналган «Жеңиш кубогу» жылдык спорттук турнири өткөрүлүүдө. Турнирге Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин балдары, Казакстандын, Өзбекстандын жана Кыргызстандын курама командалары катышууда.
8-майда саат 10:00дө Боордош көрүстөндө жеңиштин 78 жылдыгына арналган митинг-реквием өтөт.
9-майда саат 12:00дө Кыргызстан элинин ассамблеясынын алдындагы аянтчада «Гармония» АК борбору майрамдык концерт өткөрөт.
4-майда саат 13:00дө «Красный строитель» конушунун «Аул паркында» Улуу Ата Мекендик согуштун эстелигине гүл коюу иш-чарасы болот.