"Эркин-Тоо"

Ооруканадагы бейтаптар бомба тууралуу маалыматтан улам эвакуацияланууда

 Бишкекте №2 көп тармактуу оорукананын имаратына бомба коюлганы тууралуу маалымат түшкөн. Мындан улам бейтаптар эвакуацияланууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда министр Алымкадыр Бейшеналиев жеринде жүрөт. Ал өзү бейтаптарды жана оорукананын медициналык кызматкерлерин эвакуациялоону жетектөөдө.

«Алар ооруканадан анча алыс эмес жерде жайгашкан консерваториянын имаратына эвакуацияланууда», — деп айтылат маалыматта.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!